Добавить
Уведомления

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МӨҢГҮЛӨР

Кыргызстан түбөлүк тоң зоналары жана ак мөңгүлүү бийик тоолуу өлкө болуп саналат, алар өлкөнүн негизги мүнөздөмөсүн түзүшөт. Болжол менен өлкөнүн территориясынын 94%ы деңиз деңгээлинен 1 000 м. ашуун бийиктикте турат, 40% – 3 000 м. бийиктикте жана 4%ын дайыма муз жана кар каптап турат. Өткөн жүз жыл аралыгында Борбор Азиянын территориясында климаттын өзгөрүүсүнүн таасири байкалган. ПРООН жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 1930-ж. бери КРнын мөңгү аянтын кошо алганда, Борбор Азиянын мөңгү аянттарынын 1/3 бөлүгү жоголгон. Кыргыз Республикасынын 2009 жылы БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы үчүн жасаган билдирүүсүндө 1960-жылдарынан 2000-жылга чейин мөңгүлөрдүн көлөмү болжол менен 20%га азайганы маалымдалат. Ушул эле билдирүүдө жазылгандай, климаттын өзгөрүүсүнүн эң ыктымал сценарийлери боюнча 2000-2100 жылдары арасында мөңгүлү аянттын 64%дан 95%га чейин азаюусу күтүлөт.

12+
24 просмотра
2 года назад

, чтобы оставлять комментарии