Добавить
Уведомления

20-февраль: Кайра тирилүүгө суктануу

20-февраль Кайра тирилүүгө суктануу Жон Пайперден насаат сөз «Сүйүктүү бир туугандар, силерге мен экинчи катымды жазып жатамын. Эки катымдагы эскертүүлөрүм менен силерди туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылдым» (2 Петир 3:1). Пасах майрамы (Ыйса тирилген күн) жакындаган сайын, Ыйсанын кайра тирилишине болгон ыраазычылыгыбызды, кубанычыбызды, суктануубузду жана таң калуубузду арттырып, Анын тирилишинин биз үчүн болгон мааниси жөнүндө ойлонолу. Биз күнөөкөр табиятка ээ болгондуктан, качандыр бир убакта бизди катуу толкунданткан нерселер бара-бара өз баркын жоготуп коёт. Бирок чындык өзгөрбөйт. Биз өзгөрөбүз. Мына ушул себептен бизде Ыйык Китеп бар. Петир өзүнүн эки катын ишенүүчүлөрдү чындыкды «эске салуу» аркылуу «ойготуп туруу» үчүн жазганын айтат. Ошондуктан, келиңиз, чындыкты эстеп, өз акылыбызды туура жүгүртүүгө чакыралы. Ыйсанын өлгөндөрдөн тирилиши аркылуу Кудай эмнени ишке ашырды? Ыйык Китеп буга төмөнкүдөй жоопторду берет. Ыйса кайра тирилгендиктен, биз жогорудан төрөлүп, тирүү үмүткө ээ болуп калдык. 1 Петир 1:3: «Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы даңкталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берүү үчүн... [кайрадан төрөлттү]». Ыйса кайра тирилгендиктен, азыр даңкка ээ. Биз ошол даңк үчүн жаралганбыз. Биздин маңдайыбызга жазылган эң башкы нерсе (тагдыр) – Анын толук даңкын көрүү. 1 Петир 1:21: «Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады». Жакан 17:5, 24: «Эми Мени Сен Өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде ээ болгон даңкыма бөлө… Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң». Кайра тирилген Теңирибиз Ыйса сиздин акылыңызды туура ой жүгүрткөнгө ойготуп жана козгоп, Ага болгон табынуунун, ишенимдүүлүктүн жана кубанычтын жаңы тереңдиктерин таанытсын. « Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: 💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com ✨ Instagram: https://www.instagram.com/jakshykabar 🎵 Facebook: https://www.facebook.com/JakshyKabarMedia 🎼Twitter: https://twitter.com/JakshyKabar 📸Telegram: https://t.me/jakshykabar

Иконка канала VIP Voyages Unlocked
1 подписчик
12+
15 просмотров
год назад

, чтобы оставлять комментарии